Алматыда Pfizer вакцинасын акылуу түрдө алууга каттоо башталды. Бул тууралуу Алматынын коомдук саламаттык сактоо башкармасы билдирди. Мекемеден билдиришкендей, эмдөө мегаполистеги 3 клиникада гана жүргүзүлөт. Вакцинациялоо үчүн каттоо мекеменин расмий сайтында көрсөтүлгөн телефондор аркылуу ишке ашырылат. Деген менен акылуу эмдөөнүн башталуу убакыты жана аталган процедуранын баасы азырынча айтыла элек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков