Мындан 20-30 жыл мурун психологияны биз негизинен медицинанын бир тармагы катары көрчүбүз. Бул дарыгер жана оорукананы камтыган тармак болчу. Бирок кийинчерээк биз америкалык тасмалардан каармандардын психотерапевттерге барып, жеке дарыгерлерине олуттуу акча төлөп, кеңеш алып жүргөнүн көрдүк. Ошентип, XXI кылымдын 20-жылдарына жеттик. Бүгүнкү күндө психологдор YouTube жана социалдык тармактар аркылуу ар бир телефон аркылуу өз ой-пикирлерин билдирип жатышат. Алар биз бала чагыбыздагы жаракаттар жана гештальттар менен иштешибиз керек деп басым жасашат. Биз буга макулбуз, бирок психологдун кесипкөйлүк деңгээлин кантип текшерсе болот? Кимге ишенүү керек? Бул суроолорго жооп издеп көрөлү.

