Дүйнөлүк пандемия, өзгөчө кырдаал, милдеттүү карантин
— экономиканын гана эмес, ден-соолуктун да төмөндөшүнө алып келди. Бул баарыбыз
баш аламан болгон учур, өзгөчө Covid-19 учурунда. Кыйынчылык коомду ден соолук
жоопкерчилиги, спорт менен машыгуу жана сергек жашоо образына үйрөттү. Эң
негизгиси, бизде бар нерсенин баасын түшүнө баштадык.
Бул тенденциянын биз билбеген кандай өзгөчөлүктөрү
бар? Он сегиздегидей отуз жашыңызда кантип арыктайсыз? Дененин жана акылдын
ден-соолугундагы тең салмактуулуктун сыры эмнеде?
Бул суроолорго программанын кезектеги чыгарылышында
жооп алабыз.

