Жаңы окуу жылына саналуу күндөр калды. Окуучу балдары бар ата-энелер үчүн
абдан оор мезгил. Шаардын тургуну Салтанат Турдыбекова эки баласын мектепке
жөнөтүү үчүн базарды кыдырып жүрөт. Быйыл бири төртүнчү класска, экинчиси
биринчи класска барат. Анын айтымында, бул ишке өлкө боюнча өткөрүлгөн мектеп
жарманкелеринен кызыгуу көп болду. Айта кетсек, бул жерде окуу куралдары базар
баасынан арзан сатылууда.
Салтанат Турдыбекова:
-Кечирээк даярданып жатабыз, азыркы баалар да жеткиликтүү. Азыр орто эсеп
менен бир балага 50 000 теңгеге, эки балага 100 000 теңгеге керектүү
кийим-кече, кеңсе буюмдарын сатып алып жатабыз. Формага келгенде,
мисалы, түстүү эмес, ак-караны кийиш керек деп жатышат. Балада бардык жабдуулар
болушу керек. Ата-эне ар бир адамдын тазалыгына кам көрүшү зарыл. Бала
тартиптүү чоңоюш керек, ал үчүн окуу билим жагына талапты күчөтүү кажет.
Ата-энелер тыкыр көз салып турса, келечегибиз үчүн маанилүү.
Аз камсыз болгон
үй-бүлөлөр быйыл да көңүл сыртында калбайт. Өлкөнүн жалпыга бирдей билим берүү
фонду 460 миңге жакын окуучуну кийим-кече жана кеңсе буюмдары менен толук
камсыз кылуу үчүн 18 миллиард теңге багыттаган.
Серик
Адилбаев, Астана шаарынын билим башкармасы башчысынын орун басары:
-«Жалпыга милдеттүү билим берүү» программасынын алкагында 14 миңден ашык окуучуга 41 миң теңге бир жолку жардам көрсөтүү пландалууда. Бул жардам мектептер тарабынан ата-энелердин жеке эсебине которулат. «Мектепке жол» акциясынын алкагында балдарга окуу куралдары салынган баштыктарды берүү каралган. Мисалы, былтыр 8 миң 12 балага жардам берилсе, быйылкы планыбыз 8 миң 500 баланы түзөт.
Жалпысынан быйыл 3,9 миллион окуучунун 364 миңи биринчи жолу мектеп босогосун аттайт. Мамлекет башчынын буйругу менен бардык төмөнкү муундагы окуучулар бекер тамактанышат. Билим берүү программасына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Мисалы, тил үйрөтүүнү акырындык менен киргизүү процесси уланат. Эскерте кетсек, мектепке кирген окуучулар 1-классты бир гана тилде окушат. Экинчи класска орус тили кошулса, үчүнчү класстан баштап англис тилин үйрөнө башташат. Мектеп окуучуларын да жаңы өзгөрүүлөр күтүп турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков