Казакстандык спортчулар эл аралык мелдештерде 586 медаль жеңип алышты

Казакстандык спортчулар эл аралык мелдештерде 586 медаль жеңип алышты

Казакстандык спортчулар эл аралык мелдештерде өлкөнүн намысын абийир менен коргоп келишет. Жакында булгаары мээлей чеберлеринин дүйнөлүк чемпионатында улуттук курама команда куржунун 4 алтын, 1 күмүш медалы менен толуктап, жалпы командалык эсепте 2-орунга көтөрүлдү. Фехтование боюнча Руслан Курбанов дүйнөлүк мелдеште алдыңкы үчтүккө кирип, өлкө тарыхында биринчи жолу коло медаль тагынды. Ал эми ата мекендик чыгыш мушташ өнөрүнүн чеберлери - азиялык каратэчилер мелдешинде жалпы командалык эсепте мыкты аталышты. Көзгө атар мергенчилер дүйнөлүк чемпионаттын медалдык эсебинде топ жарышты. Жыл башынан бери казакстандык спортчулар расмий эл аралык мелдештерде 586 медалга ээ болушту.

Мухамеджан Бекназаров, спорт жана дене-тарбия иштери боюнча комитетинин башкармасынын башчысы:

-Алардын ичинен казакстандык спортчулар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча 373 байгеге ээ болушту. Тактап айтканда, биздин спортчулар 121 алтын, 111 күмүш жана 141 коло медаль тагынышты. Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча 118 медаль ойнотулду. Анын ичинен 53 алтын, 38 күмүш, 27 коло медаль. 95 байгени ата мекендик параспортчулар жеңип алышты. Параспортчуларыбыз курама команданын куржунуна 33 алтын, 33 күмүш жана 27 коло медалды алып келишти.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков