Тойду жөн гана кубаныч деп айтууга болбойт. Бул бир династиянын же бир үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй улуттун маданиятын чагылдырган майрам, чоң кубаныч. Бүгүнкү күндө мындай салтанаттуу күнгө накты пландарды түзүп, чебер продюсерден жана акылдуу уюштуруучудан жардам сурагандардын саны өсүүдө.
Бүгүнкү той мурунку тойдон айырмаланып турат. Ал тургай, ортосундагы айырма жер менен асман. Акыркы 10 жылдын ичинде өлкөнүн рыногунда иш-чара индустриясынын потенциалы өстү. Азыр үйлөнүү үлпөтү заманбап илепке ээ болуп, жаңыланып жатат. Атайын той агенттиктери түзүлүп, адистер кубанычтуу иш-чараны тоо боорунда, боз үйдө, жада калса жаңы стилде уюштура алышат. Адистердин айтымында, улуттук код дайыма трендде, суроо-талапка ээ. Индустрия кантип өнүгөт? Чеберлер эмне дейт? Кандай кызыкчылыктар, өзгөчөлүктөр бар? Culture vibe берүүсүндө айтып беребиз!

