Казакстанда көчө искусствосунун өнүгүү темпи

Казакстанда көчө искусствосунун өнүгүү темпи

Алматы — тоонун боорундагы кооз шаар. Жада калса анын таш тамандуу көчөлөрү да маданияттын эриген казанына айланып калгандай. Анткени кээ бир көчөлөр сахна көрүнүшүнө айланып, укмуштуудай көркөм чыгармалары менен таң калтырат. Атактуу Тереңкүр көчөсүн бойлой стрит-арттын кереметтерине күбө болосуз. Узундугу 420 метр келген байыркы дубалдар кайра жанданды: ар бир бөлүгү казак алфавитинин тамгасы. 42 арип, 42 сүрөтчү, 42 көз караш. Бул жөн гана ачык асман алдындагы галерея эмес, Казакстандагы стрит-арт жанрындагы уникалдуу эмгек. Өлкөдө көчө искусствосу кандай өнүгүп жатат? Көчө искусствосунун өзгөчөлүгү жана мааниси эмнеде? Биз сизге Culture Vibe программасында айтып беребиз.