Касым-Жомарт Токаев Бакуга жасаган иш сапарынын алкагында Азербайжандын президенти менен жолугушту. Мамлекет башчысы меймандостугу жана СПЕКАнын алгачкы саммитин уюштурганы үчүн Ильхам Алиевге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ал Азербайжан калкын эл аралык укук жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоону камсыз кылуусу менен дагы бир жолу куттуктады. Жолугушууда тараптар биргелешкен келечектүү жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты. Анын ичинде Каспий деңизинин түбү аркылуу була-оптикалык байланыш линиясын куруу, Азербайжандын аймагы аркылуу казак мунайын ташуу көлөмүн көбөйтүү жана Транскаспий эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүү маселелери бар. Маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду. Жакын арада Казакстан менен Азербайжандын маданият күндөрү уюштурулат. Илхам Алиев Касмы-Жомарт Токаевди келерки жылы Азербайжанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
- Жаңы долбоорлор колго алынууда.
Бизде чечилбеген маселелер жок. Биз чыныгы стратегиялык өнөктөшпүз, Каспий
деңизинин эки жээгин мекендеген коңшуларбыз. Стратегиялык мамилелерди чыңдоо
жана союздаштык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча биргелешкен декларациянын
кабыл алынышы, ошондой эле, Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин түзүлүшү казак-азербайжан
карым-катнашын жаңы деңгээлге көтөргөн тарыхый окуя болду. Мен өзүм менен бирге
Бакуга толук кандуу делегацияны алып келдим. Анткени бүгүнкү жолугушууда Азербайжан
менен толук форматтуу, мазмундуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деп эсептейм.
Ильхам Алиев, Азербайжандын
президенти:
- Биз - дос, боордош жана өнөктөш
өлкөлөрбүз. Акыркы жылдары расмий иш сапарлардын алкагында эки өлкөнүн өкмөт
мүчөлөрүнүн жана ишканаларынын ортосундагы карым-катнаштар тездик менен өнүгүп
жатканын даана көрүүгө болот. Биз эки өлкөнүн кызматташтыгынын эң жогорку деңгээлине
чыгып жатабыз. Бул биздин эгемен өлкө катары өнүгүү тарыхыбыздагы олуттуу окуя жана
биздин элдерибиздин ортосундагы мамилелердин руху менен мүнөзүнө ылайык келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков