Мамлекет башчысы Финляндиянын президенти Александр Стубб менен жолугушту

Мамлекет башчысы Финляндиянын президенти Александр Стубб менен жолугушту

Казакстан менен Финляндия эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөгө да тиешелүү. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттери Азербайжанда өткөн БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясында сөз кылышты. Касым-Жомарт Токаев Менен Александр Стубб фин компанияларынын катышуусунда фармацевтика, өнөр жай, унаа жасоо жана инженерия тармактарында биргелешкен долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын белгилешти. Мындан тышкары, тараптар өз ара сапарларды алмашуу боюнча макулдашууга жетишишти. Бул Астана менен Хельсинкинин ортосундагы саясий жана экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө жаңы дем берет. Касым-Жомарт Токаев Гвинея-Бисаунун Президентин да Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Аталган мамлекет Казакстандын Африка континентиндеги маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин өлкө башчысы баса белгиледи. Мындан ары кызматташуу үчүн жакшы келечектер бар. Касым-Жомарт Токаевдин пикири боюнча, Казакстан жана Гвинея-Бисау географиялык жактан алыстыгына карабастан айыл чарба, логистика жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрө алышат. 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков