1933-жылы Алматы темир жол бекетине Семипалатинск шаарынан поезд келип токтогон. Ошол поезддин плацкарт вагонунда бир жигит жол жүрүп келе жатты. Ал толкундануудан улам көпкө уктай алган жок. Ошол чоӊ жана кооз шаар аны кандай кабыл алат, ал театрга актер болуу максатын ишке ашырып, кыялына жете алабы? Труппа аны кабыл алабы? Режиссер ишенич көрсөтөбү? Жигит ошол ойлору менен таӊ атырды, ал эми көзү илинип кеткенде, поезд көздөгөн жерине жетип, коштоочу вагондорду кыдырып, жүргүнчүлөрдү сыртка чыгууга шаштырып жаткан экен. Үстүӊкү текчелен ылдый түшүп, эмне кылаарын билбей туруп калды! Өтүгү жок!
Аларды жолдон уурдап кетишиптир...
Алматыга өтүгү жок жылаӊаяк келген ушул жигит кийин казак көркөм өнөрүнө, театрга, кинематограф тармагына өлбөс-өчпөс из калтырат, анын ысмын ар бир адам билет жана Казакстанда гана эмес, чет өлкөлөргө дагы кеӊири таанылат. Анын фильмдери советтик жана казак киносунун алтын казынасына кирет жана жаш режиссерлордун көптөгөн муундары багыт кылып, үлгү ала турган классика болуп калат. Бул адам казак киносуна негиз салган инсандардын бири Шакен Айманов эле.