Назир Төрекулов

Сауд Арабиясы - Араб жарым аралындагы эң чоң мамлекет жана дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири. Азыр бул падышалык мунай өндүрүү боюнча Америка менен Орусияны ашып өтүп, дүйнөдө биринчи орунда турат.

1928-жылы күз айында геосаясий күрөш кызуу жүрүп турганда Назир Төрөкулов Араб жарым аралындагы ыйык жерге зыярат кылат. Ошол кезде ал Советтер Союзунун элчиси катары Хиджаз жана Неджд деген өлкөлөргө, б.а. азыркы Сауд Аравиясына барып, дароо эле дипломатиялык күрөш кызуу жүрүп жаткан чөйрөгө, дүйнөдөгү эң жогорку деңгээлдеги, ар түрдүү жана коопту оюнга киришип кеткен.