Компьютердик код казак тилинде

Казакстандык окуучу компьютерди казак тилин түшүнүүгө үйрөттү. Костанайдагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин 12-классынын окуучусу Дамир Сарбасов биринчилерден болуп мамлекеттик тилде программалоо тилин иштеп чыкты. Долбоор боюнча иш жайында эле башталган. Өспүрүмдүн айтымында, процесс оңой болгон жок. Бирок аны иштеп чыгуу программалоону үйрөнүүнү каалагандардын баарына мүмкүнчүлүк ачат деген ой андан ары иштөөгө күч берет. Белгилей кетсек, Дамирге чейин көптөгөн адамдар казак тилин системага киргизүү аракетинен майнап чыккан эмес.

Дамир Сарбасов, Назарбаев интеллектуалдык мектебинин 12-классынын окуучусу:

– Мага күтүлбөгөн жерден эмне үчүн англис тилин билбеген адамдардын баары программалоону үйрөнүү билиши керек деген ой келди. Бул мен үчүн таң калыштуу болду. Ошондуктан мен казак тилинде программалоо үчүн колдоно турган программалоо тилин жасоо идеясына келдим. Ага жараша дагы көп адамдар колдоно алышат. Ошол эле учурда бул тил программалоо көндүмдөрүн гана эмес, казак тилин билүүнү да жакшыртат.

Александр Шерцер, Информатика мугалими:

– Биз биринчиден санариптештирүүнү, экинчиден казак тилин өнүктүрүп жатабыз. Азыркы учурда, дээрлик бардык билим берүү программалары багыттар боюнча көз карандысыз жогорку окуу жайларында биринчи курстарда программалоо окутууну камтыйт. Анткени Президенттин кайрылуусунда дал ушул көндүмдөр  Hard skills, Soft skills жана анын ичинде программалоону экинчи сабаттуулук катары окутуу өнүгүшү керектигине басым жасалган.

Жогорку класстын окуучусу мектеп программасына киргизүүнү кыялданган долбоорду билим берүү мекемелери жана IT жаатындагы адистер жогору баалашты. Бул балдарга программалоону, ошондой эле эне тилин үйрөнүүнү жеңилдетүүгө шарт түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков