Казакстанда коронавируска каршы ревакцинация жүргүзүү мерчемделип жатат

Казакстанда коронавируска каршы ревакцинация жүргүзүү мерчемделип жатат

Казакстанда «Pfizer» вакцинасы кош бойлуу аялдарга жана 12 жаштан ашкан балдар үчүн жеткиликтүү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри билдирди. Ошондой эле, Алексей Цой коронавируска каршы препарат өлкөгө тогуздун айында жеткирилерин маалымдады. Бул себептен тармак башчысы казакстандыктарга аталган вакцинаны күтпөстөн, башка вакциналарды ала берүүгө кеңеш берди.

Алексей Цой, РКнын Саламаттыкты сактоо министри:

- Жакында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан таанылган дагы бир кытай вакцинасы бир жуманын ичинде биздин өлкөгө жеткирилет. Ошондуктан, аны да алууга болот.

Мындан тышкары, Алексей Цой Казакстанда коронавируска каршы кайра эмдөөнүн болжолдуу убактысын белгиледи. Ревакцинация тогуздун айына карата жүзөгө ашырылат. Башкача айтканда, жылдын башында вакцинанын биринчи компонентин алгандар күзүндө дагы эмдөөдөн өтсө болорун айтты.

Алексей Цой, РКнын Саламаттыкты сактоо министри:

- Казакстан эмдөөнү салыштырмалуу кеч, бирдин айында баштаган. Көпчүлүгү кулжа-теке айларында вакцина алышты. Биздин антителолор дагы эле жаңы жана деңгээли жогору. Ошондуктан, экинчи дозаны алгандан кийин болжол менен 9 айдан кийин биз аны күн баракка кошобуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков