Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү көбөйдү

Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү көбөйдү

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйдү. Өткөн сутка ичинде өлкөдө 1686 адамга ПЧР-тести аркылуу COVID-19 диагнозу коюлган. Ал эми борбор калаада кооптуу инфекциялар боюнча анти-рейтинг катталды. Бул жерде жаңы 507 учур аныкталды. Андан кийин Караганды облусунда 278 адам коронавируска чалдыккан. Үчүнчү орунду 215 бейтап менен Алматы ээлейт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 420 миңге жакындады. Ошол эле учурда, «сары» зонага кирген аймактардын саны дагы көбөйдү. Учурда бул катарда Шымкент менен катар Костанай, Мангыстау, Акмола, Актөбе жана Кызылорда облустары жайгашты. Ал эми Нур-Султан, Алматы шаарлары, Атырау, Батыш Казакстан жана Караганды облустары «кызыл» аймакта. Бул региондордо эпидемиологиялык абал туруктуу эмес. Калган аймактар коронавирустун жайылышы боюнча «жашыл» зонада.

Которгон: Илгиз Жамалбеков