Казакстанда 9,2 миллион адам ревакцинациядан өтүшү керек

Казакстанда 9,2 миллион адам ревакцинациядан өтүшү керек

ASHYQ тиркемеси менен жашыл макамы бар адамдар үчүн уруксат берилген объекттердин тизмеси кеңеет. Өкмөттүн жыйынында аталган норманы келерки жылдын башынан тарта коомдук жайларга киргизүү сунушталды. Башкача айтканда, үчтүн айынын 5нен тарта мындай профилактикалык иш-чаралар оюн-зоок борборлорунда, соода борборлорунда, спорттук жайларда, фитнес, йога, караоке, бассейн, сауна, мончо жана «Казпочта» филиалдары менен калкты тейлөө борборлорунда жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, учурда сары зонада борбор менен Түндүк Казакстан облусу гана, калгандары жашыл зонада. Акыркы эки жумада кооптуу илдетке чалдыгуу көрсөткүчү үчтөн бирге кыскарды. Эпидемиологиялык абалдын туруктуулугун сактоо максатында эмдөө кампаниясы күчөтүлөт. Өлкөдө ревакцинациялоо үчүн жетиштүү вакцина резерви бар. 2022-жылдын биринчи жарымында вакцинанын кошумча 5 миллион дозасын алып келүү мерчемделүүдө.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Массалык ревакцинациялоо боюнча ишти активдештирүү зарыл. Келерки жылдын биринчи жарымында 9 миллионго жакын адам кайра эмдөөдөн өтүшү керек. Маалымат, Саламаттык сактоо министрликтери жана акимчиликтер калк арасында ревакцинациянын зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүүгө тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков