Казакстанда соңку суткада коронавирус жугузгандардын катары 967 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап борбордо катталган. Бул жерде COVID-19 диагнозу борбор калаанын 215 жашоочусунда тастыкталды. Андан кийин Караганды облусунда - 165, Алматыда - 96 бейтап илдетке чалдыкты. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 402 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы тапта 21 миңден ашуун казакстандык коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатат. Алардын 7 миңден ашыгы ооруканага жаткырылган. 1 миллион 384 миң 29 казакстандык буга чейин коронавирустук вакцинанын эки компонентин алууга жетишкен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков