Astana Opera театр сахнасында жаңы премьера. Тарыхы 3 кылымга созулган Антонио Вивальдинин «Токтолбогон Орландо» чыгармасы коомчулуктун көңүлүн бурду.
Антонио Вивальди-композитор, инструменталист
скрипкачы, педагог- ХVIII кылымдын биринчи жарымындагы эң көрүнүктүү
музыканттардын бири. Анын 94 операсынын ичинен «Токтолбогон Орландо» (түпнуска
аталышы «Каардуу Роланд») барокко жана классицизм, патетика менен
баатырдыктын, комедия менен сыйкырдын ар түрдүү шайкештиги менен айырмаланат.
Чыгармада башкы каармандар Алцина менен Орландо, Анжелика менен Роланд ортосундагы махабат, достук, чыккынчылык, сүйүү сыяктуу сезимдер сүрөттөлөт.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө белгилүү,
көрүүчүлөрдү кайгыртып да кубандыра
билген опера спектаклинен сонун таасир
алыңыз!