Бейсбековдордун үй-бүлөсү үчүн өнөр жөн эле көркөм сүрөт эмес, ал муундан муунга өтүп келе жаткан руханий байлык. Ошондуктан алардын үйүн жөн эле турак жай деп айтууга болбойт. Чеберканада да көргөзмө залы, окуу бөлмөсү да , маданият үйү болушу мүмкүн. «Алтын Орда» — улуттук каада-салттарыбыз чырмалышкан үй-бүлөлүк цех. Бул жерге келген туристтердин саны да жылдан-жылга көбөйүүдө. Ал эми чеберканада улуттук искусствонун кандай түрлөрү окутулат? Семинардын негизги максаты эмнеде? Бул тууралуу бүгүнкү чыгарылыштан биле аласыз.

