К.Токаев: «Биз эмдөөгө каршы кежирлердин айынан жарандардын ден соолугун тобокелге сала албайбыз»

К.Токаев: «Биз эмдөөгө каршы кежирлердин айынан жарандардын ден соолугун тобокелге сала албайбыз»

Коронавирустун жайылышына байланыштуу кырдаалдын начарлашынан улам Касым-Жомарт Токаев эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу маалыматтык иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды. Президенттин айтымында, эмдөө курсун алгысы келбеген адамдар менен иштөөдө дифференцияланган ыкманы колдонуу керек. Мамлекет башчысы колдо болгон каражаттар менен, анын ичинде, социалдык тармактар аркылуу вакцина алууга ишендирүүгө чакырды. Президент эмдөөгө аз камтылган аймактарга усулдук көмөк көрсөтүү үчүн чукул түрдө көчмө бригадалады түзүү керектигин билдирди.

«Биз эмдөөгө каршы кежирлердин чакан тобунан улам өз үй-бүлөлөрүн болгон күч-аракети менен камсыздап жаткан жарандардын ден соолугун тобокелге сала албайбыз. Батыштын айрым өнүккөн өлкөлөрүндө түшүндүрүүдөн мажбурлоо чараларына өтүп жатат. Ири эмгек жамааттарына байланышкан өзгөчө учурларды эске албаганда, биз андайга барбайбыз» - деди президент.

Мамлекет башчысы өкмөткө коронавируска каршы казакстандык «QazVac» вакцинасын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан каттоодон өткөрүүнү тездетүүнү жана ата мекендик фармацевттик аянттарда «Спутник V» менен катар «Спутник Лайт» каражатын өндүрүү маселесин чечүүнү да тапшырды.