ДССУ COVID-19 пандемиясынын аякташынын убакытын болжолдоду

ДССУ COVID-19 пандемиясынын аякташынын убакытын болжолдоду

Дүйнөлүк пандемия жакын арада аяктабайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы билдирди. Тедрос Адханом Гебрейесус вирус дагы деле адам өмүрү үчүн өтө кооптуу экенин эскертет. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча пандемия башталгандан бери 6 миллиондон ашык адам каза болду.

Тедрос Адханом Гебрейесус, ДССУнун башкы катчысы:

- Кооптуу вирус жылдап жайылып келүүдө. Дагы деле вакциналардын жетишсиздиги, тесттердин кемчиликтери жана дарылоодо көптөгөн кыйынчылыктар бар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бир катар өлкөлөрдө массалык тестирлөөнүн кыскарышына тынчсызданууда. Мунун кесепетинен кайсы өлкөдө эпидемия күчөгөнүн билүү мүмкүн эмес. Пандемия менен күрөшүүдө тест-жүргүзүү маанилүү роль ойноорун түшүнүшүбүз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков