ДССУ: балдар арасында маймыл чечегинин жайылышы тууралуу маалымдады

ДССУ: балдар арасында маймыл чечегинин жайылышы тууралуу маалымдады

Дүйнөдө балдар арасында маймыл чечеги илдетине чалдыккандар көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө алардын үчтөн бирине жакыны 10 жашка чейинки балдар, ал эми жарымы беш жашка чейинкилер - деп маалымдайт Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Адистердин айтымында, алар вирусту үй шартында жуктуруп алышкан. Акыркы маалыматтар боюнча, илдетти жуктургандардын саны алты миңден ашат. Эл аралык уюмдун серепчилери аталган илдет дүйнөнүн 58 өлкөсүндө катталып, анын очогу Европа экенин белгилешти. Анда жаңы учурлардын 80%ы бул жерге туура келет. Ошондой эле, мекеме жакынкы апталарда кырдаалдын оорчулугун баалоо үчүн чукул жыйын өткөрөөрүн билдирди.

Тедрос Адханом Гебрейесус, ДССУнун башчысы:

- Бизди маймыл чечегинин тездик менен жайылышы кооптондурат. Азыр ал дүйнөнүн 58 өлкөсүндө катталган. Маалыматтын негизги бөлүгү, болжол менен 80 пайызы Европада тастыкталып жатат. Алдыдагы 10 күн ичинде чукул жыйын өткөрүү пландалууда. Анда серепчилер кырдаалга өз баасын беришет. Бирок зарыл болсо, жыйын эртерээк дайындалышы мүмкүн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков