Чопо – адамзат жаралгандан бери колдонулуп келе жаткан материал. Жалпысынан Казакстанда карапа идиштеринин келип чыгуу тарыхы неолит доорунан башталат. Бул материалдан ата-бабаларыбыз турмушка керектүү буюмдарды жасашкан. Эгерде сиз карапа жасап жаткан чеберди көрсөңүз, анда сиз кызыгуу жана суктануу таанытасыз. Бул материал менен өзүңүз иштесеңиз да, чарчооңуз басаңдайт, мээңиз эс алат жана күнүмдүк түйшүктү бир азга болсо да унутасыз.
Бүгүнкү күндө карапа жасоочу чеберлер көп эмес. Бирок, өнүмгө суроо-талап жыл сайын өсүп келет. Чопо терапиясына катышууну каалагандар да жетиштүү.