Ит - адамдын досу. Дүйнөдө иттердин 400дөй түрү бар. Алардын ичинен казак тазысы эң күлүк иттердин бири катары таанылса, дөбөт эң чоң 10 иттин катарына кирген. Көчмөндөрдүн жашоосунда таза кандуу иттин мааниси чоң болгонун адистер айтышат. Биз билген жана билбеген тайган менен дөбөттүн дагы кандай касиеттери бар?