Бойдон түшүүнүн себеби эмнеде?

Бойдон түшүүнүн себеби эмнеде?

Казакстандык окумуштуу Куралай Атагелдиева аялдардын ден соолугундагы көйгөйлүү маселенин түйүнүн чечүүнү башкы максат кылган. Ал бир нече жолу катары менен боло турган бойдон түшүүгө себепчи болушу мүмкүн болгон генетикалык факторлорду аныктоо үчүн аялдардын ДНКсын изилдейт. Табылган гендер - диагностиканын жаңы ыкмаларын аныктоого жана коркунучтун алдын алууга мүмкүндүк берерине ишенет. Келечекте бул изилдөөлөр - дарылоонун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгууга жардам берип, аялдарга эне болуу бактысын тартуулашы мүмкүн.