Борбордук Азияда бирдиктүү ыктыярчылар хабы пайда болушу мүмкүн

Борбордук Азияда бирдиктүү ыктыярчылар хабы пайда болушу мүмкүн

Борбор Азия мамлекеттери бирдиктүү ыктыярчылар хабын түзүшү мүмкүн. Максаты - маалымат жана тажрыйба алмашуу. Мындай демилге борбор калаа Нур-Султанда өткөн биринчи эл аралык ыктыярчылар форумунда көтөрүлдү. Ал үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү зарыл - дешет активисттер. Эске сала кетсек, буга чейин Борбор Азия мамлекеттери ыктыярчылык ишмердүүлүктү мындан ары өнүктүрүү боюнча бирдиктүү жол картасын ишке ашырууну макулдашышкан.

Мадияр Кожахмет, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министрлигинин жарандык коом иштери комитетинин төрагасы:

- Республиканын аймактарында аткарылган иштер көп. Бурабай менен Түркстанда эки аймактык сессия болуп, анда мамлекеттер ортосундагы түрдүү ыкмалар менен биргелешкен долбоорлор талкууланды. Биз тармактагы өз тажрыйбабыз менен бөлүштүк. Ошондой эле, мамлекет башчынын Борбордук Азия өлкөлөрүнө Эл аралык ыктыярчылар жылын илгерилетүү боюнча атайын демилгелерди ишке ашырууга колдоо көрсөтүү тууралуу биргелешкен резолюциясын талкуулоо маанилүү болду.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков