«Борбор Азия ишеним гравитациясы» серепчилер форуму

«Борбор Азия ишеним гравитациясы» серепчилер форуму

Астанада серепчилер Борбор Азия аймагынын интеграциясын талкуулашты. Казакстан менен катар Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын стратегиялык изилдөө институттарынын жетекчилери жогорку деңгээлде жана бардык тармактарда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти. Беш аймактын кызыкчылыктары бирдей жана биргелешкен долбоорлордун пайдасын бөлүшөт. Тактап айтканда, жакшы демилгелерге жол ачылат. Аймакка башкалар да кызыкдар экени маалым. Бүгүнкү күндө Кытай, АКШ, Орусия жана Евробиримдиктин өлкөлөрү сыяктуу дүйнөнүн негизги оюнчулары менен кызматташуунун чөйрөсү кеңейүүдө. Адистер биргелешип коомдук изилдөөлөрдү жүргүзүп, өз ара аракеттенүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн атайын фонд түзүү зарылдыгын белгилешет. Иш-чаранын максаты Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлеринин алдыда боло турган жолугушуусуна тажрыйбалык жана талдоочулук сунуштарды иштеп чыгуу. Кийинки жолугушууну баш оона айында борбор калаада өткөрүү мерчемделген.

Еркин Тукумов, Президенттин алдындагы КСИИ мудүрү

– Биз бул менен 7 жолу жолуктук. Мындай жыйындар көбүнчө мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларынын алдында өткөрүлөт. Бүгүнкү күн тартибиндеги маанилүү маселе катчылыкты түзүү болуп саналат. Бул биздин интеграциянын жана өнөктөштүгүбүздүн уландысы. Бүгүнкү күндө интеграциясыз маанилүү чечимдерди кабыл алуу мүмкүн эмес. Бул соода-экономикалык же климаттык кырдаал жөнүндө гана эмес. Бул биздин коопсуздугубуздун маселеси. Бул биздин Борбор Азиядагы өз ара түшүнүшүүбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков