Аймактык кооперация. Ал Борбор Азия мамлекеттеринин улуттук экономикаларынын өсүшүнүн маанилүү булактарынын бирине айланышы мүмкүн. Бул үчүн республикалар тыгыз байланышты жөнгө салып, инфратүзүмдүк чектөөлөрдү жоюу менен чек ара соода-экономикалык хабдардын түйүнүн ишке киргизүүлөрү керек. Аталган түйүндөр беш мамлекеттин Бирдиктүү өнүм өткөрүүчү тутумунун таяныч чеги катары кызмат кылмакчы. Казахстан бул багытта кадамдарды жасап келет. Алсак, Эл аралык «Борбор Азия» өндүрүш кооперациясында, казак-өзбек жана казак-кыргыз чек арасында, Индустриалдык соода-логистикалык комплексинде бул багыттагы долбоорлор жүзөгө ашырылууда. Мындан тышкары, Тажикстан менен дүң товар таратуучу борборлорду түзүү боюнча макулдашуу бар. Ошондой эле Түркмөнстан менен биргеликте дан өткөрүүчү терминал куруу дагы мерчемделүүдө.
Которгон: Назира Бегалиева