Канча кылым өтсө дагы, искусство адамзатты көп кырдуу сапаттары менен суктандырып келет. Бул кереметти биз өз көзүбүз менен көрөбүз, тамшанып суктанабыз. Бул искусствону көрө албагандар эмне кылышат? Ооба, биз азиздер жөнүндө айтып жатабыз.
Акыркы жылдары дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында сулуулукту өзгөчө баалаган азиздер үчүн көргөзмөлөр уюштурулуп жатат. Италияда деле мындай жандар үчүн атайын музей ачылган. Жакында эле ушундай эле көргөзмө Казакстанда, башкача айтканда Алматыдагы нде өттү. Тагыраак айтканда, мындай көргөзмө биринчи жолу Казакстанда гана эмес, Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө өткөрүлүп жатат деп айтууга болот.

