Бул Алтынай Нөгербектин өнөргө берилгендигин чагылдырган чыгарма. Анда
аялдын үй-бүлө менен жумуштун ортосундагы кыйынчылык, чыгармачылыкты улантуу
менен эне болуу күрөшү баяндалат.
«Success Stories» программасынын бул жолку чыгарылышында Алтынай
Нөгербектин кесипке болгон жолу, үй-бүлөсүнүн колдоосу тууралуу баяндалат. Анда
театрдын көшөгө артындагы оор турмуш, актёрдун тагдырынын өзгөчөлүгү тууралуу
сөз болот. Чыныгы образдар кантип жаралып, искусствого болгон сүйүүнүн
баалуулугу айтылат.
Бул жөн эле интервью эмес. Кесибине берилгендик, бийик маданият, үлгүлүү
үй-бүлө тууралуу терең баяндалат.

