Кыргыз коомунда аялдын өз орду бар жана буга айтылуу Курманжан датка тарыхый мисал болуп саналат. Кыргызстанда Роза Отунбаева - Борбордук Азияда мамлекет башчы болуп иштеген жападан жалгыз аял президент болгон. Биздин каныбызда лидерлик, аялдар лидерлиги бар жана Кыргызстанда эл баштай турган аялдар көп деп бекем ишенем.