Жаркын Баймаханов - стиль ааламындагы өзгөчөлүктүн баштоочусу

Жаркын Баймаханов-өзүнүн жакшы көргөн ишин кесипке айландырган жан. Ал жетинчи класстан бери дизайн жана мода дүйнөсүнө кызыгып келген.
Жаркын белгилүү бир гана стилди ээрчибейт. Дайыма ойлорунда жүргөн дизайнер этникалык элементтерди, спорттук моданы, классиканы да колдонуудан качпайт. Ошентип, ар түрдүү мода моделдерин бириктирип, уникалдуу образын жаратат. Чыгармачыл идеялар, чыгармачыл ойлор өзүнөн өзү келип чыгат жана туундулар жаралат.