Алматы - заманбап өзгөрүүлөргө карабастан, тарыхый өзгөчөлүгүн сактап
калган шаар. Буга архитектуранын уникалдуу үлгүсү болгон Вознесенск кафедралдык
чиркөөсү күбө. Жыгачтан салынганы менен, өзүнүн теңдешсиз күчү менен белгилүү
болгон бул имарат 1977-жылы «Казакстан» мейманканасы курулганга чейин өлкөдөгү
эң бийик имарат болгон.
Бүгүнкү күндө шаардын борборун бул керемет имаратсыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал тургай бир кылым мурда Алматыда болгон 10 баллдык кыйраткыч жер титирөөгө да туруштук берген. Бул имарат тууралуу эл арасында «бир да мыксыз курулган» деген уламыш бар. Бул чынбы же элдик жомокпу? Кененирээк ушул чыгарылыштан биле аласыз!

