Толкун Нурушева: Мээримдүү балдарды тарбиялап өстүрсөм дейм

Эсимде, алгачкы 10 жыл күнү-түнү тынбай иштеп, life-work balance деген нерсе ойго дагы келчү эмес. Мен өзүмдүн атымды чыгарып, мансабымды куроо үчүн иштечүмүн жана мунун кандай зарылчылыгы бар экенин жакшы түшүнөөр элем. Коом аялзаты менен мырзаларга эки башкача мамиле жасайт.

Мен 20 жыл мурда маркетолог катары, кийин Борбор Азия базарындагы ири Айти компанияда шериктеш менеджер катары иштей баштаганымда, мага башкача бир салкын мамилени байкачумун. Костюм, бийик шиш така кийген жаш кыз Ташкенттеги ири компанияга кирип барганда орто жаштагы мырзалардын бир башкача караган көз караштары али эсимде...