Казак тилинде эркин сүйлөгөндөр үчүн алмаштырылгыс курал. Астанада Жасалма интеллекттин негизинде түзүлгөн алгачкы атамекендик котормочунун бет ачары болду. Көп функциялуу тиркеме сөздү тааныйт, үндү синтездейт жана аны аудио жазууга айлантат. Мындан тышкары, нейрожеленин жардамы менен айтылган текст эркек жана аялдын үнү менен сүйлөйт. Soyle App платформасын иштеп чыгуу үчүн Назарбаев университетинин алдындагы Интеллектуалдык системалар жана жасалма интеллект институтунун окумуштууларына 5 жыл убакыт кетти. Бул мезгилде керектүү маалыматтарды чогултуу, апробациялоо, лингвистикалык изилдөөлөр боюнча чоң иштер жасалды. Натыйжада-казак, англис, түрк жана орус тилдерине так жана сапаттуу которууга жөндөмдүү инновациялык өнүм түзүлдү.
Уникалдуу долбоорду иштеп чыгуучулардын айтымында, тиркеме колдонуучулардын маалыматтык коопсуздугун толук камсыз кылат. Бул маанилүү стратегиялык чечим. Сеанс аяктагандан кийин, жардамчы бардык жеке маалыматтарды дароо жок кылат. Ойлоп табуунун ээлери тиркемени жаңы иш-чаралар менен толуктоону жана кеңейтүүнү пландаштырууда. Келечекте изилдөөчүлөр котормочуга жаңы функцияларды кошуп, долбоорду кеңейтүүнү пландап жатышат.
Улжан Бисаринова,
ISSAI өнүм менеджери:
- Бул продукт казак аудиториясында казак жана башка түрк,
англис, орус тилдерин үйрөнүүгө кызыккандар үчүн пайдалуу болот, негизинен
казак аудиториясы үчүн котормого муктаж болгондорго жана жалпысынан алганда
дубляж үчүн жана башкаларга.Ата мекендик аналогдор жок, андан тышкары, анын
аудиосу бар, башкача айтканда, Google Translate, Yandex Translateде сиз казакча
сүйлөгөндү укпайсыз, андан да кептен сөзгө которо албайсыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков