Шымкентте Digital Qazaqstan форуму өттү

Шымкентте Digital Qazaqstan форуму өттү

Өлкөнүн негизги өнөр жай жана экономикалык борборлорунун бири – Шымкентте биринчи жолу Digital Qazaqstan эл аралык форуму өттү. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, IT-индустриясынын өкүлдөрү, эл аралык компаниялар, инвесторлор жана серепчилерди кошкондо 3 миңден ашуун делегат катышты. Ири компаниялар өлкөнүн технологиялык келечегин түзүүчү алдыңкы иштеп чыгууларды – жасалма интеллекттен баштап акылдуу шаарларга жана жаңы муундагы энергетикалык системаларга чейин көрсөтүштү. Мисалы, долбоорлордун бири тоо-кен ишканаларына өндүрүштү санариптештирүүгө жардам берүүгө багытталган – ал техниканын жана персоналдын ишин көзөмөлдөй алат, күйүүчү майдын чыгымын көзөмөлдөп, токтоп калууларды азайтат жана жалпысынан объектилердеги коопсуздукту жогорулатат.


Александр Подвалов, өнөр жайды санариптештирүү боюнча компаниянын негиздөөчүсү:


Ал Казакстандын 30дан ашык кенинде, ошондой эле жакынкы чет өлкөлөрдө иштейт. Digital Bridge, Digital Kazakhstan сыяктуу демилгелер бизге ички рынокто ишенимдүү сезүүгө, өзүбүздүн өнүмүбүздү өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык масштабга чыгууга мүмкүндүк берет.


«Digital Qazaqstan» долбоорунун алкагында өлкөнүн 20 шаарынан катышуучулар келген «Decentrathon 5.0» эң ири хакатону да башталды. Алар 10 күн бою IT-сектору үчүн реалдуу кейстердин үстүндө иштешет. Мындан тышкары, бул жерде спорттук программалоо боюнча чемпионат жана стартап-батл өткөрүлдү. Ошол эле учурда, AI тармагындагы мыкты долбоорлор өзүнчө тармактык сыйлык менен белгиленди. Ошентип, форум бир чатырдын астында тажрыйба, умтулуу жана жаңы технологиялык ысымдар кантип бириккенин көрсөттү. Белгилей кетсек, «Digital Qazaqstan» санарип дүйнөсүнүн жыл сайын өтүүчү иш-чарасы болуп калат.


Тимур Козыкеев, Shymkent Hub регионалдык IT-хабынын мүдүрү:


Аллеяда 20дан ашык долбоор, IT стенддерде 30дан ашык долбоор бар. Жергиликтүү аймактык долбоорлордон Shymkent Hubдын 10дон ашык резиденти күтүлүүдө. Бул Astana Hubдын расмий филиалы. Биз Шымкент шаарынын IT-экосистемасын өнүктүрүү менен алектенебиз.


Дмитрий Мун, Казакстан Республикасынын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай вице-министри:


– Форумга өзгөчө макамды анын кеңири эл аралык өкүлчүлүгү берет. Шымкентте дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн келген делегаттар, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюму, Эл аралык Электр байланыш союзу жана Евразия Өнүктүрүү Банкы сыяктуу негизги эл аралык уюмдар бар. Негизги күн тартиби – алдыңкы багыттар боюнча тажрыйбабызды көрсөтүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков