«Шымбулак» тоо чаңгы базасы Алматы шаарынын гана эмес,
өлкөнүн да уникалдуу туристтик объекти болуп саналат. Асман менен атаандашкан
аскар тоолору ар бир жанды таң калтырары шексиз.
Чаңгы тебүү адамзаттын эң сүйүктүү спорту десек аша
чапкандык болбойт. Дүйнөдө бул спорт менен 400 миллионго жакын адам машыгат.
Кесипкөй спортчулар жана ышкыбоздор жер шарынын чаңгы базаларында эс алууну
жакшы көрүшөт. Мындай курорттордун катарына «Шымбулак» кирет.
Алматыга жакын жайгашкан бул жер КМШ аймагындагы
мыктылардын тизмесинде. Биз Шымбулакты Дүйнөлүк топто да көп жолуктурабыз.
Мисалы, 2024-жылы Европанын эң абройлуу саякат журналдарынын бири Шымбулакты
дүйнөдөгү эң мыкты беш чаңгы курортунун катарына кошкон.
Шымбулак жөнүндө сиз билбеген дагы эмне кызыктуу? Спорт
объектисин эмне айырмалап турат? Сиз Sporting Marvelsтен кенен көрө аласыз.

