Нуржан Байсаков казак тили мугалими. Ал стандарттуу окуу китептеринин ордуна өзүнүн автордук методикасын колдонот. Анын ыкмасы Казакстанда эң мыкты автордук программа деп таанылган. Бүгүнкү күндө Казакстанды дүйнөлүк деңгээлде таанытып жүрөт.
Анын дагы бир чоң жеңиши – мектеп бүтүрүүчүлөрү менен казак тилин үйрөтүүчү
«тиркеме» түзүүгө бел байлаганы. Бул «кошумча» балдарга казак тилин кызыктуу
түрдө үйрөнүүгө жардам берет.

