Меште итальянын баклажан тамагын кантип даярдоого болот?

Казакстандагы Италия элчилигинин коммерциялык жана маданий иштер боюнча атташеси Сара Менегетти – «Talk & Cook» шоусунун кезектеги коногу. Бул чыгарылыштагы дасторкондун негизги тамагы меште бышкан пармезан кошулган баклажан тамагы болот. Мейманыбыз бул тамактын пицца жана макарон сыяктуу эле италиянын визиттик картасы экенин айтып берет.

Мындан тышкары, ал Казакстан өзүнүн дипломатиялык кызматынын негизги орду болуп калганы тууралуу кызыктуу окуя менен бөлүшүп, эки өлкөнүн маданий окшоштуктары тууралуу да кеп учугун улайт.