Түштүк Казакстан тарыхка бай аймак, жаратылышы кооз, климаты жанга жайлуу. Башка аймактарга салыштырмалуу бул жерде курорттор көп. Анын себеби аба ырайынын туруктуулугу, табигый жана дарылык касиети бар жер астындагы суулардын көптүгү. Бүгүн Түштүк Казакстандагы дагы бир курортко келдик, ал Шымкенттен 25 чакырым, Манкент станциясынан 6,5 чакырым алыстыкта жайгашкан. Казакстандагы эң байыркы курорттордун бири, мөмө-жемиштерге толгон бакчанын ортосунда жайгашкан.