Магжан Мадиев: Бизде адистер жетишпейт

Магжан Мадиев: Бизде адистер жетишпейт

«Astana Hub» - инновациялык технологиялар борбору, Орто Азиядагы ири технопарктардын бири. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча борбордун резиденттеринин кирешеси 450 миллион доллардан ашышы мүмкүн. Алардын үчтөн бири экспорттук киреше. Демек, азыркы учурда Казакстан финансылык технологиялар жана электрондук өкмөттү өнүктүрүү индексинде лидерлердин катарына кирет. Бүгүнкү программанын жүрүшүндө «Astana Hub» идеясын сунуштап, ишке ашырган Магжан Мадиев ички тармактын оош-кыйыштарын жана ишинин жүрүшүн кеңири баяндап берет.