Лейла Ирсалиева: «Бизнестеги алгачкы 3 жыл талыкпай иштеш керек»

Лейла Ирсалиева: «Бизнестеги алгачкы 3 жыл талыкпай иштеш керек»

Үй-бүлөлүк бизнес – бул үй-бүлө мүчөлөрүн бирдиктүү максат үчүн бириктирген жана бири-бирине колдоо көрсөтүүчү заманбап механизм.

Жакындарыңыз менен бизнес баштасаңыз, туугандар арасында ишеним күчөйт. Мындай үй-бүлөлүк бизнести түптөөчүлөрдүн бири – Лейла Ирсалиева. Ал апасына бизнесине жардам берип, андан соң сиңдиси Камиля менен жаңы иш баштаган. Үй-бүлөнү колдоо бизнесте кандай мааниге ээ? Биргелешкен ишкананын кандай артыкчылыктары бар? Биз бүгүн ал жөнүндө сүйлөшөбүз!