Классикалык музыканын келечеги кандай? Жакынкы 100 жылда Spotifyдан улуу композиторлордун чыгармалары жок болуп калабы? Симфониялык оркестрдин ордун жасалма интеллект жана алгоритмдер ээлейби? Же кылымдарды карыткан тарыхы бар классикалык музыка заманбап инновациялардын ташкынына туруштук берип, жаңы доордо да үнүн жоготпой өз баасын сактап калабы?
Дирижер Элмар Бурибаев бул суроолорго жоопту теориядан эмес, күнүмдүк тажрыйбадан издейт. Музыка дүйнөсүндө чоңойгон адам үчүн бул жөн эле ой эмес, турмуштук тажрыйба...

