Бир өлкө ыры, бир өлкө киносу менен көптөгөн адамдардын жүрөгүнөн түнөк табат. Чыгармачылык индустриянын негизги иши мына ушунда. Карапайым адам ошол өлкөгө кызыгып, анын маданиятына, тилине, тиричилик өзгөчөлүктөрүнө көңүл бура баштайт. Ал өлкөгө саякаттоого аракет кылгандар да көп. Ошондуктан 21-кылымда бул тармак чоң күч алууда.
Казакстанда экономиканын бул багытынын потенциалы кандай?