Казакстанда жаңы деңиз порту курулат

Казакстанда жаңы деңиз порту курулат

Казакстан дагы бир деңиз порту менен толукталуу алдында турат. Жаңы суу портун Актауда салуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Маңгыстау облусунун акими билдирди. Баасы 300 млн долларды түзгөн долбоордун инвестору катары кытайлык компания тандалып алынды. Учурда эки тараптын ортосунда сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Серепчилер  ал «Кытай – Казакстан – Актау – Баку – Поти – Европа» жаңы эл аралык унаа коридорун калыптандырууга өбөлгө түзөрүн айтышат. Аны ишке ашыруу жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн 15 күнгө чейин кыскартууга, транспорттук чыгымдарды 25%га чейин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Жаңы деңиз порту мамлекет башчысынын транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана транзиттик дараметти чыңдоо боюнча тапшырмаларынын алкагында ишке ашырылмакчы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков