Казакстанда темир жол вагондорунун паркын жаңыртуу пландалууда

Казакстанда темир жол вагондорунун паркын жаңыртуу пландалууда

Казакстанда темир жол машина куруу тармагында жаңы өндүрүштөр ачылууда. Астанада «Stadler Kazakhstan» заводу ишке кирди. Ишкана 2030-жылга чейин Казакстан темир жолдору үчүн 500дөн ашык заманбап жүргүнчү вагондорун жеткирип берет деп күтүлүүдө. Ал эми Атырау облусунда жылына 6 миң жүк ташуучу вагон жана цистерна чыгаруучу завод ишке киргизилди. Жарым вагондорду чыгаруу боюнча жаңы линия Семейде да пайда болду, ал эми Экибастузда темир жол техникасын жана комплекстөөчүлөрдү чыгаруучу ишканалардын кластери түзүлдү. Жалпысынан өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча тармакта өнүм чыгаруу өсүп, 600 миллиард теңгеден ашты. Вагондордун паркын жаңыртуу үчүн тиешелүү министрлик өндүрүштүк кубаттуулуктарды көбөйтүүнү, ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алууну субсидиялоону кеңейтүүнү жана узак мөөнөттүү оффтейк-келишимдерди түзүүнү сунуштайт.

Ерсайын Нагаспаев, Казакстандын өнөр жай жана курулуш министри:

- Оффтейк-келишимдер ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн туруктуу буйрутмалардын көлөмүнө кепилдик берүүгө жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды пландуу түрдө жүктөөгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, вагон куруучу ишканалар үчүн өндүрүштү локализациялоо деңгээлин жогорулатуу боюнча каршы милдеттенмелер белгиленет. Учурда Министрлик бардык жылма курамдын түрлөрүнө жайылтыла турган өнөр жай кураштыруу жөнүндөгү макулдашуунун долбоорунун үстүндө иштеп баштады.

Которгон: Назира Бегалиева