Казакстанда ракка каршы дары клиникалык сыноодон өтүүдө

Казакстанда залалдуу шишикке каршы атамекендик дарыны клиникалык сыноо уланууда. Казак онкология жана радиология илимий-изилдөө институту менен биргеликте окумуштуулар жаңы дарынын эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун текшерип жатышат. Тесттин жыйынтыгы жөнүндө анын иштеп чыгуучусу Дос Сарбасов айтып берди. Ошентип, биринчи этапта, дары 15 бейтапка берилген. Адегенде аз өлчөмдө, андан кийин көбөйтүп көрүшкөн. Изилдөөдө окумуштуулар шишиктин өсүшүнүн олуттуу басаңдашын аныктап, ал эми бир бейтапта ал үчтөн бирине кыскарган. Мындан тышкары, дарыгерлер дарынын уулуулугунун жоктугун тастыктады. Сыноолордун экинчи этабында окумуштуулар дарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн оптималдуу жол берилген дозаны аныктоонун үстүндө иштеп жатышат. Изилдөө дагы бир нече жылга созулат жана андан кийин гана уникалдуу дарыны сатыкка алып чыгат.

Дос Сарбасов, Назарбаев университетинин профессору, биолог:

- Биз таасирин байкап, онкологиянын кайсы түрүн, башкача айтканда, залалдуу шишикти дарылоого ылайыкташтыргандан кийин гана 3-фазага киребиз. Бул биз дароо 1000 адамга тийгизген таасирин текшерип, изилдеп жатабыз дегенди билдирет. Бүгүнкү күндө биз биринчи жана экинчи клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен бир гана онкологиялык борбор менен иштеп жатабыз. Жакшы натыйжаларды көрүп, рактын кайсы түрү кандай таасир этерин изилдеп чыккандан кийин, башка клиникалар менен иштеше баштайбыз. Бул 2 жылдан кийин башталышы мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков