Казакстанда 4 фармацевтикалык завод курулат

Казакстанда 4 фармацевтикалык завод курулат

Казакстанда жаңы 4 фармацевтикалык завод курулат. Бул долбоорлорго жалпы наркы 173 миллиард теңге инвестиция тартылган. Натыйжада социалдык маанилүү дары каражаттарды камтыган 356 препарат өндүрүшү башталат. Жаңы ишканалар Алматы шаарында, Түркестан жана Алматы облустарындагы атайын экономикалык аймактарда жайгашат. Бул долбоорлорго стратегиялык өнөктөштөр катары Кытай, Түрк жана Румыния өлкөлөрүнүн белгилүү ири фармацевтикалык компаниялары тартылган. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмаларын ишке ашыруу алкагында фармацевтика тармагында ата мекендик өндүрүш үлүшүн арттыруу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө.

Аслан Кинаятов, Саламаттык сактоо министрлигинин Фармацевтикалык жана медициналык өнөр жайын өнүктүрүү департаментинин мүдүрү:

- Дары-дармек өндүрүшү портфели иммунобиологиялык препараттар, онкологиялык оорулар менен кант диабетин дарылоого арналган дары-дармектер, вируска каршы, антианемиялык, ооруну басуучу, сезгенүүгө, суук тийүүгө жана микробго каршы препараттарды камтыйт. Жалпы дары-дармектер тизмесинде 72 социалдык маанилүү препарат бар. Долбоорлорду ишке киргизүү казакстандык дары каражаттарынын үлүшүн арттырууга, импортко көз карандылыкты азайтууга жана тургундарды сапаттуу, жеткиликтүү дары-дармек менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков