Карлыгаш Исмагулова: Бардык чыгармаларымда ирония бар

Карлыгаш Исмагулова: Бардык чыгармаларымда ирония бар

«Culture vibe» программасынын бүгүнкү каарманы көпчүлүктү ойлондурары бышык. Бир кезде чоң компаниянын кадрлар бөлүмүнүн башчысы болсо, бүгүнкү күндө бала кездеги кыялын ишке ашырган чыгармачыл инсан.

Карлыгаш Исмагулова балдарды тарбиялап жүрүп өзгөчө чыгармачылык менен алектене баштайт. Ал өнөрү менен көпчүлүктү таң калтырган өзгөчө багыты бар иллюстратор. Бүгүн ал чыгармачылык жолугушууларды өткөрүп жатат. Жүрөгүнө жакын искусство чеберине айланган ал бүгүнкү күндө чыгармачылык кызыкчылыктарын бөлүшөт.