Эл аралык акча фонду дүйнөлүк экономика боюнча божомолдоолорду солгундатты. Маалыматтар өткөн шаршембиде жарыяланган. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча 2020-жылы дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 4,9 пайызга төмөндөөсү күтүлөт. Мындан тышкары кайра калыбына келүү мурда божомолдонгондон жайыраак болоору боолгонууда.
Эл аралык валюта фонду тарабынан белгиленген экономиканы өнүктүрүү артыкчылыктарын талкулоо үчүн биз Вашингтондон Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия Департаментинин мүдүрү Джихад Азур мырза менен байланыштык.