Этномодернизм: этникалык маданият, гамма жана гармония

Сүрөтчү, иллюстратор Айгерим Карибаева: Эмне үчүн бул жолду тандап алдык? Анткени биз искусствону жайылтууну көздөгөнбүз. Биз анын популярдуу багыт болушун кааладык. Эл сүрөткө кызыгып, ал аркылуу маданиятын тааныса деген кыял болчу. Ошондуктан, биз ушундай көркөм буюмдарды даярдадык. Белгилүү сүрөтчү Пабло Пикассо: “Сүрөтчү адам көргөндү эмес, сезгенди сүрөткө тартат” деп айткан. Ар бир сүрөттүн терең философиялык мааниси бар.